Кведлинбург – Германиядагы шаар. Саксония-Анхальт жеринин курамында. Гарц тоосунун Түндүк этегинде, Боде дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 22 миң (2008). Шаар 922-жылдан эскерилет. Чиркөөлөр, ратуша, шаардын эски бөлүгүндө модерн стилиндеги үйлөр сакталган. Роман стилиндеги Штифтскирхе сепили жана шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаардын экономикасынын негизин туризм түзөт. Үрөнчүлүктүн жана жашылча селекциясынын, гүл өстүрүүнүн ири борбору. Музейлер, жазуучу Ф. Г. Клопштоктун үй музейи, ИИИлер жана башка бар. Металл иштетүү, прокат өндүрүшү, фармацевтика,, жыгаччылык, тамак-аш – татымал өнөр жай ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү