Кедр (Cedrus) - карагайлар тукумундагы өсүмдүк уруусу.

Сөңгөгүнүн бийиктиги 25 - 50 м, шагы пирамида же чатыр сымал, кээде жайылып өскөн дайыма жашыл дарак. Ийне сымал жалбырагы 3 - 4 кырлуу, катуу, тикендей учтуу, түсү кочкул жашыл, көк жашылдан бозго чейин, жаш бутактарында 30 - 40тан топтошуп же бирден жайгашат. Күзүндө гүлдөйт. Аталык тобурчагы жалгыздан, чаңчасы - аба багатыкчалуу. Энелик тобурчагы тоголок же жумуртка сымал, 2 - 3 жылда бышат. Урук түрпүчөлөрү канатчалуу, жалпак. Уругу чайырлуу, уч бурчтуу, желбейт. Деңиз деңг. 1300 - 3600 м бийиктиктеги тоолордо карагай, эмен, көк карагай ж. б. менен бирге өсүп, кедрлүү токойду түзөт. Жер жүзүндө Кедрдин 4 түрү таралган. Жыгачы саргыч же кызгылтым, ароматтуу, грибоктор менен курт-кумурскага байымдуу. Крым, Кавказ жана Орто Азияда кооздук үчүн негизинен атлас жана Гималаи Кедр өстүрүлөт. Мырза карагайдын кээ бир түрүн жана кипаристер тукумунун айрымдарын Кедр деп туура эмес аташат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.