Кекек (Oxytropis) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумунун уруусу. Көп жылдык, сабагы анча өөрчүбөгөн, татаал жалбырактуу, түктүү чөп. Гүлдөрү түркүн түстүү, нык же көпшөк, тоголок же сүйрү. Гүлүнүн кайыкчасы учтуу, чанагы сүйрү, тоголок, жаргактай же теридей, бир же эки, кээде жарым-жартылай уялуу. Кыргызстанда комитетин 56 түрү бийик тоодо, аска зоо коңулдарында өсөт. Кээде башка өсүмдүктөр өсө албаган мөңгүгө жакын жерде комитетин айрым түрү кезигет, ошондой эле тоонун күнөс беттеринде, шагыл таш арасынан да учуратууга болот. Республикада комитетин 34 эндемик түрү белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү