Кекечтенүү - сүйлөөнүн бузулушу.

Мында сөздүн ирээттик ритми бузулуп, аргасыздан токтоп, тыбыш, үн, муундарды кайталап бөлүп айтат. Кекечтенүү сүйлөө булчуңунун калтырашынан, ага кошулган башка булчуңдардын дайыма титирешинен (колдун, буттун диртилдеши ж. б.) пайда болот. Көбүнчө сүйлөөнүн калынтануу мезгилинде, мектеп жашына чейинки балдарда, окуучуларда болот. Кекечтенүүнун себептери: психикалык травма (корккондо), инфекция, интоксикация, тууроо ж. б. Окуучу бала тарткынчыктап, көрүнүп сүйлөгөндүктөн анын Кекечтенүүсү күчөйт. Аны жашыруу максатында жаш бала алдын ала ойлонулган сөздөрду айтып, керексиз тыбыш, муундарды алмаштырып айтууга аракеттенет. Натыйжада Кекечтенүү азая баштайт. Өзүнчө сүйлөгөндө кекечтенбейт. Психотерапия, физиотерапия, сүйлөп көнүгүү ж. б. дарылоо жолдору бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.