Келбет
Келбет - киши денесинин тынч турганда жана кыймыл убагындагы көнгөн абалы.
Адамдын бала кезинен баштап, анын өсүү процессинде, чоңоюу жана тарбия алуу мезгилинде калыптанат. Келбет туура сакталса адамдын курсагы чыкпай, ийиндери бир аз артка тартылып, дене-бою түз, сымбаттуу келет. Мындай келбеттүүлөрдүн басыгы жеңил, кыймыл-аракети ийкем жана эркин болот, бардык ички органдары туура жайгашат. Туура эмес Келбет сымбатсыз гана болбостон, организмдин иштөөсүнө, баарыдан мурда жүрөк, өпкө, боор жана ичеги-карынга жагымсыз таасир тийгизет.
Келбет денедеги бардык булчуңдардын бир калыпта өсүшүнө жараша болот. Омуртка жана курсак булчуңдарынын бир калыпта эмес же начар өсүшү Келбетти бузат. Туура эмес Келбет бүкүрөйүнкү, бөлбүрөк, кыйшык омурткалуу болуп айырмаланат. Бүкүрөйүңкү Келбетте адамдын көкүрөгү жалпак, кууш, аркасы дөмпөк, башы алдыга жүткүнүп, ийиндери салаңкы, курсагы чедирекей болот. Бөлбүрөк Келбеттин көкүрөгү жалпайып, далылары оркоюп чыгып, буттарынын тизеси бүгүлүп, ийиндери шалпайып, башы салаңдап турат.
Балдардын Келбетнин туура калыптанышына кичинекей кезинен кам көрүлөт. Баланы көпкө таңып көюуга болбойт, анда кыймыл-аракетин азайтып, нормалдуу өсүшүн кечиктирет, эрте отургузууга да болбойт (к. Эмчектеги бала). Баланы дайыма бир колго көтөрүп жүрсө, андан К-и бузулуп, омурткасы кыйшайып кетет (эненин да, баланын да), баланы бир эле колунан жетелеп көпкө жүрүү да зыяндуу. Балдардын Келбетинин бузулушуна айрым оорулар (итий, жугуштуу оорулар, семирип кетүү жана башка), жалпак тамандуулук, ошондой эле күн тартибин туура эмес пайдалануу жана начар тамактануу жана башка себеп болот.
Келбеттин бузулушун алдын алуу аны калыбына келтирүүдөн оңой. Ал үчүн жетиштүү тамактануу, таза абада көбүрөөк болуу, массаж жана гимнастика денени чыңдоо жана ыңгайлуу мебель урунуу керек. Балдарды Келбетинин туура калыптанышы үчүн өзүнө өзү көз салууга үйрөтүү зарыл. Бала анча жумшак эмес, тегиз жана тыкыс төшөккө чалкасынан жатканы дурус, бирок эч качан дайыма бир капталына жана бүрүшүп жатууга болбойт. Көбүнчө начар көргөн балдар бүкүрөйүп басат, ошондуктан мезгил-мезгили менен врачка текшертип туруу зарыл. Жарыктын жетишсиздигинен да К. бузулат. Баланын күч жактан нормалдуу өсүшүнө сейилдөө, кыймылдуу оюндар, гимнастика менен машыгуу, коньки, лыжа тебүү жардам берет, сууга сүзүү булчундарды жана көкүрөк клеткасын өстүрөт. Эң сындуу Келбетке жетишүүдө атайын гимнастикалык көнүгүүлөр, айрыкча ар кандай буюмдарды пайдаланып (топ, кум толтурулган баштыктарды башка коюп) жасоо жакшы натыйжа берет. Кийим-кечек оюнга тоскоол болбогондой кененирээк болгону дурус. Күн тартибин акыл эмгегинен кийин оюндар жана машыгуулар болгудай түзүү талапка ылайык. Мектеп окуучуларынын К-инин туура калыптанышына айрыкча көз салуу зарыл, аларды мектепте партада, ал эми үйдө сабак даярдоодо столдо туура отурууга үйрөтүү керек. Кээ бир балдар партага отурбастан жатып алышат, алардын аркасы 5-6 саат катары менен ийилип турат. Бала столдо туура жана ыңгайлуу отуруусу үчүн отургучтун чети столдун алдына 2-4 см кирип тургандай коюлат. Ийиндери бирдей деңгээлде болуп, эки чыканагы столдун үстүндө жатууга тийиш. 2-3°ка эңкейиш болсо жакшы болот. Столдун үстү менен баштын аралыгы 35-40 см болушу керек, өтө жакын болсо көздүн жакындан начар көрүүсү пайда болушу ыктымал (к. Көрүү). Баланын буту полго же столдун буттарына бекитилген тепкичке таканчыктап турат. Эгер буту полго жетпесе, алдына кичинекей отургуч, ящик такап коюлат. Китеп окуп жатканда эки чыканак менен столду таянып, колдун манжалары менен ээкти жөлөп алган дурус. Мектеп мебелдери баланын боюна шайкеш келүүгө тийиш. Бүткүл оордук эки колго тең бирдей бөлүштүрүлөт, ал үчүн оор портфелди улам бир колго көтөрүү керек. 7-класска чейин балдар ийинге асынма китеп капты пайдаланганы дурус. Бардык керектүү талаптарды так аткаруу менен Келбеттин бузулушунун алдын алууга болорун эсте тутуу зарыл.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8