Келдике мөңгүлөрүТескей Ала-Тоонун түн. капталындагы Чоң Кызылсуу өрөөнүнүн төрүндө жайгашкан эки мөңгү (Батыш Келдике ж-а Чыгыш Келдике).

Батыш Келдике мөңгүсүнүн уз. 2,8 км, аянты 3,1 км2. Өрөөн тибиндеги мөңгүлөрдүн тобуна кирет. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4750 м, этеги 3320 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3750 м. Абляция облусунун аянты 1,1 км2. Чыгыш Келдике мөңгүсүнүн уз. 4,6 км, аянты 5,8 км2. Татаал өрөөн тибиндеги мөңгүлөрдүн тобуна кирет. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4350 м, этеги 3300 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3750 м. Абляция облусунун аянты 2,1 км2. Мөңгүлөрдөн Келдике суусу башталып, Чоң Кызылсууга оң жактан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2