Келемиштер, келестер (лат. Rattus) – кемирүүчүлөрдүн чычкандар тукумундагы уруусу. Дене узундугу 8–30 см, куйругу денесинен узун же кыска. Тумшугу учтуу, кулагы калдагай, 70тей түрү белгилүү. Алардын 280дей түрү Азия жана Африканын тропик токойлорунда, ошондой эле адам менен кошо бардык жерге таралган. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү: боз келемиш, кара келемиш жана түрк келемиши кездешет. Түрк келемиши Борбордук Азияда, Кыргызстандын тоолуу токойлорунда жолугат. 3–4 айлыгында жетилип, ургаачысы жылына 2–4 жолу тукумдап, 1–17 бала тууйт. Келемиштер өсүмдүк менен, кээси эт жечүлөр, көбү ылгабай азыктанат, күүгүмдө, түнкүсүн активдүү. Ийинге, коңулга 20 кгга жакын азык ташып, кышка камдайт, айдоого зыян келтирет. Келемиштер – жугуштуу оорулардын козгогучтарын алып жүрүүчүлөр.

Боз келес (Rattus norvegicus).

Колдонулган адабияттар түзөтүү