Келеңкер чачпак — жаш келиндер, орто жаштагы аялдар аркасына өрүлгөн чачтарынын учуна тагынуучу асемдик буюм. Ал бири-бирине шакекчелер менен бириктирилген тегерек, үч, төрт бурчтук формадагы күмүш тыйын жибек чачыктардан турат. "Манас" эпосунда К. ч. төмөнкүчө сүрөттөлөт: «Келеңкер чачпак кең соору, Келбети нурдун кызылдай, Узун бойлуу жал-жал көз», (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 131), «Келеңкер чачпак бир кучак, Май сооруда жаркылдайт, Балтыркандай солкулдайт» (Радлов жазып алган вариант). Келенкор кездемесинен жасалган чачпак.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4