Келин-Тайгак мөңгүсүИчки Тянь-Шандагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Жаңы-Жер кырка тоосунун чыгыш учунун түндүк каталында жайгашкан.

Уз. 3,3 км, аянты 3,6 км. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4880 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4160 м. Абляция об. аянты 1,6км2.

Мөңгүдөн Ат-Башы суусунун сол курамы Жаңы-Жердин башаты Келин-Тайгак өзөөнү башталат.