Келин жарыш
Кыргыз эли байыртадан эле мал жандуу эл. Айрыкча жылкы өстүрүүнү жакшы көрүшөт. Анткени, жылкы кыш күндөрү көбүнчө талаадан кар тээп оттойт, колго анчалык карабайт. Минсе каалаган жерине өз убагында жеткирет, ишеничтүү унаасы болот. Ошондуктан, кыргыз эли бүгүнкү күндө да «ат адамдын канаты» дешип жорго, таскактуу аттарды жогору баалашат. Аны өстүрүүгө көп көңүл бөлүшөт. Дүйнөгө белгилүү болгон кымыз да жылкынын сүтүнөн ачытылат. Ошону менен эле катар байыртадан эле кыргыздардын жашы да, карысы да, уулу да, кызы да аттын кулагы менен тең ойноп, ойноктото бастырып, ат үстүндө ар түрдүү оюндарды ойношкон, көңүл ачышкан. «Келин жарыш, кыз жарыш » оюну да ат үстүндө ойнолуучу оюндардын бири. Ал азыр да элдик майрамдарда, ар кандай салтанаттарда өткөрүлүүдө.
Оюн тегиз, ташы жок кенен талаада ойнолот. Оюнга 13 жаштан 23 жашка чейинки 5-6 кыз-келин жасалгаланган ат жабдык токулуп, үртүктөлгөн күлүк аттарга алчыланта минип катышат. Улуттук кийимдерин кийишет. Алардан тышкары оюнду уюштуруучу, ат айдоочу кишилер бул оюндун өтүшүнө көмөктөшүшөт. Оюнду уюштуруучу күлүктөрдү, оюнга катышуучу кыз-келиндердин кийимдеринин ат үстүндө кийүүгө жарактуу экендигин, ат жабдыктарынын ылайыктуулугун кароодон өткөрт. Кыздар тебетей киет. Келиндер жоолук салынат. Күлүк аттарды жарыштырууну баштоочу жерди, мараны белгилейт. Ат айдоочу болсо күлүк аттарды чабууну баштоочу жерге шаан-шөкөт менен шаракташкан кыз-келиндерди баштап барып, катарга тизет да чабууга белги берет. Оюнду уюштуруучу марада күлүктөрдүн келишин күтүп турат. Ат чабууну баштоочу жер менен маранын аралыгы 1 километрден ашык болот.