Келлнер-Хайнкеле, Барбара

Барбара Келлнер-Хайнкеле (немисче - Barbara Kellner-Heinkele, орусча - Кельнер-Хайнкеле; 13.2.1942) - заманбап немис илимпозу, чыгыш таануучу, түрколог, булак таануучу, тарыхчы, профессор, Эл аралык туруктуу алтаистика жыйынынын (PIAC) Башкы катчысы.

Барбара Келлнер-Хайнкеле ПИАКтын Хух-Хото шаарындагы жылдык отурумунда. Ички Монголия, КЭР. 26.7.2009

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Барбара Келлнер-Хайнкеле 1942-жылы 13-февралда туулган.

Эне тилинен (немис) тышкары, англис, француз, осмон түрк, азыркы түрк, фарсы, орус тилдерин билет.

АКШдагы Индиана университетинде чыгыш таануу тармагы боюнча окуган. Осмон түрк, фарсы булактары боюнча адис.

Германиядагы таанымал чыгыш таануучу, профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле бир катар жылдары Берлиндеги Эркин Берлин университетинде чыгыш таануу жана түрк таануу тармактарын жетектеп келди.

Эл аралык Алтай таануу жыйыны (ПИАК) жана чыгыш таануу түзөтүү

Барбара Келлнер-Хайнкеленин илимий жетекчиси Денис Сайнор 1953-жылы “Туруктуу Эл аралык Алтаистика Жыйыны” (ПИАК) деген уюмду уюштурат. Барбара да ага мүчө болуп калат.
Кийинчерээк, 1990-жылдардан тартып, бул уюмдун жылдык жыйындарын уюштурууда Сайнорго көмөк көрсөтүп келет.
2009-жылдан тартып профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле ПИАКты жетектеп калды.


Эл аралык туруктуу алтаистика жыйынынын (PIACтын) 52-жылдык шеринеси 2009-жылы июлда КЭРдин Ички Монголия автоном аймагынын борбору Хух-Хото шаарындагы “Шангри-Ла” конок үйүндө өткөрүлгөн.
Хух-Хотодогу жыйында Келлнер-Хайнкеле айым PIACтын шеринелери АКШ менен Европадан тышкары Ташкенде (1986) жана Алматыда (1992) да өткөнүн эске салып, улам Чыгыш Азияга сүңгүү менен алтаистика адистери мурдагыдан да алда канча кеңири илимий “жайытка” ээ болуп жатканын баса белгилеген. [1]
Ал эми 2018-жылы 26-август - 4-сентябрь күндөрү ПИАКтын Башкы катчысы Барбара Келлнер-Хайнкеленин түздөн-түз уюштуруучулук салымы менен Кыргызстанда (Бишкекте жана Ысык-Көлдө) ПИАКтын 61-жылдык отуруму ийгиликтүү өткөрүлдү. [2]


 
Профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (PIAC) Бишкек шаарындагы 61-жылдык отурумунда. “Ала-Арча” президенттик ордосу, Бишкек, Кыргызстан. 27.8.2018.

Бул отурумду уюштурууга "Мурас" фонду, КР УИАсы, КР Мамлекеттик башкаруу академиясы, "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмеси, Эл аралык Түрк академиясы, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, 3-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын уюштуруу комитети, ж.б. өнөктөштөр үзүрдүү катышты.

Барбара Келлнер-Хайнкеле кыргыз чыгыш таануучуларын (тилчи, тарыхчы, этнограф ж.б.) да ПИАКтын ар кыл жыйындарына ургаалдуу тартты.

Барбара Келлнер-Хайнкеле Кыргызстанда бир нече жолу илимий сапарда болгон. Анын Моголстан, тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдар Дуглат тууралуу илимий макалалары да орто кылымдардагы Борбордук Азия тарыхын терең изилдөө үчүн зор мааниге ээ.

Илимий эмгектери түзөтүү

Немис, англис, орус жана башка тилдерде бир катар монографиялары жана макалалары жарык көрдү.

  • Das Osmanische Reich im Spiegel europaischer Druckwerke: Kostbarkeiten aus vier Jahrhunderten : Begleitheft zur Ausstellung des Instituts fur Orientalische ... am Main, 12. April bis 18. Mai 1985, by Barbara Kellner-Heinkele. Published 1985 by Die Bibliothek. 48 pages. ISBN 388131041X (ISBN13:9783881310413)
  • Devhatu l-Mesayih: Einleitung und Edition (Verzeichnis der Orientalischen Handschriften in Deutschland - Supplementbande (VOHD-S)) (German Edition), by Barbara Kellner-Heinkele. Hardcover, 910 pages. Published December 1st 2005 by Franz Steiner Verlag. ISBN 3515054073 (ISBN13: 9783515054072).
  • Landau M.J., Kellner-Heinkele B. Politics of Language in the Ex-Soviet Muslim States. – London: Hurst and Company, 2001. – XIV+260 pp.
  • Landau M.J., Kellner-Heinkele B. Language Politics in Contemporary Central Asia. National and Ethnic Identity and the Soviet Legacy. International Library of Central Asia Studies (Volume 5). by Jacob M. Landau and Barbara Kellner-Heinkele. - I.B.Tauris & Co Ltd, 2011. - ISBN: 978-1-84885-820-6, ISBN10: 1-84885-820-5, 5 1/2 x 8 1/4 inches, 256 pages, 8 b/w illus., 1 map.
  • Islamic Art and Architecture in the European Periphery: Crimea, Caucasus, and the Volga-Ural Region. Edited by Barbara Kellner-Heinkele, Joachim Gierlichs, and Brigitte Heuer. (Wiesbaden: Harrassowitz Verlag, 2008; Abhandlungen für die Kunde des Morgenlandes Band 63). 300 pp. EAN 978–3447057530.
  • Scripta Ottomanica et res altaicae : Festschrift für Barbara Kellner-Heinkele zu ihrem 60. Geburtstag. Ingeborg Hauenschild; Claus Schönig; Peter Zieme; Barbara Kellner-Heinkele. Publisher: Wiesbaden : Harrassowitz in Kommission, 2002. Series: Veröffentlichungen der Societas Uralo-Altaica, Bd. 56.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Сүрөт баян түзөтүү

Профессор Барбара Келлнер-Хайнкеленин ишмердигине байланыштуу фото сүрөттөр улам кошумчаланып турмакчы.

 
Профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле (отургандардын арасында солдон экинчи) Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (PIAC) Бишкек шаарындагы 61-жылдык отуруму маалында КТРКнын тарых жана маданият программасынын берүүсүнө катышты. Калгандары – жапон жана кыргыз коноктор жана КТРКнын продюсери. Бишкек, Кыргызстан. 28.8.2018.


 
Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (PIAC) 61-отурумунун айрым катышуучулары. Бишкек. 28.8.2018.

Ички шилтемелер түзөтүү

  1. https://www.azattyk.org/a/Asia_Altaistic_Conference/1787602.html
  2. https://www.azattyk.org/a/29453964.html