Келтирилбес көп мүчө – төмөнкү даражалуу көбөйтүүчүлөргө ажырабаган көп мүчө. Көп мүчөнүн көбөйтүүчүлөргө ажырашы жана кел тирилбес касиети анын коэффициенти кандай сандан турганына байланыштуу. Мисалы, эгер коэффициент үчүн жалаң рационалдуу гана сандарды алсак, х3+2 көп мүчөсү келтирилбес болот. Ал эми коэффициент үчүн чыныгы сандарды алсак, анда аны келтирилбес эки көп мүчөнүн көбөйтүндүсүнө ажыратууга болот: Даражасы нөлдөн чоң болгон көп мүчө берилген талаада Квадраттык көп мүчөгө бирден-бир гана жол менен (туруктуу көбөйтүүчүлөргө чейинки тактыкта) ажыратылат. Эгер көп мүчө туюк коэффициенттер талаасынын алгебралык келтирилбес көп мүчө болсо, анда абсолюттук келтирилбес көп мүчө деп аталат. Мисалы, бир өзгөрмөлүү 1-даражалуу көп мүчө абсолюттук келтирилбес көп мүчө болот. Чыныгы сандар талаасында 2-даражалуу бир өзгөрмөлүү көп мүчө анын дискриминанты терс болгондо гана абсолюттук келтирилбес көп мүчө болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү