Кельтеминар маданияты – Аму-Дарыянын сол жээгинде, Зеравшан жана Сыр-Дарыянын төмөнкү бөлүгүндө, АмуДарыя жана Сыр-Дарыянын ортосундагы неолит дооруна (Биздин заманга чейинки 6–3-миң жылдык) таандык археологиялык маданият.1946-жылы археолог С. П. Толстов изилдеген. Каракалпакстандагы Кельтеминар каналынын атынан аталган. Казуу учурунда балыкчылар менен аңчылардын журту, оттук таш өндүрүүчү шахтанын орду, таш (анын ичинде бирюза) иштетүүчү устаканалар, таш жана сөөк куралдар, чопо идиштер (түбү тоголок, ичке же жалпак, сырты оймо-чиймеленип, ички бети кызыл же сары боёктор менен сырдалган) табылган. Кельтеминар маданияты үч этапка бөлүнөт. Дарыя-Сай этабы (эрте неолит; 6–5-миң жылдыктын ортосу) Төмөнкү Зеравшандагы Лявлякан көлүнүн аймагындагы эстеликтерди (ири жана майда пластиналар, геометриялык микролиттер – үч бурчтуктар жана трапециялар же «мүйүздүү трапециялар», кыргычтар жана башка) камтыйт. Жанбасс этабынан (өнүккөн неолит; 5-миң жылдыктын ортосунан – 4-миң жылдыктын ортосуна чейин) локалдык топтор же өзүнчө маданияттар (акча-дарыялык топ, төмөнкү узбой маданияты жана башка) бөлүнүп чыккан. Бул этапка Акча-Дарыя районунан табылган чарчы жана сегиз бурчтуу жертөлөлөр, кыргычтар, жаа учтары (кельтеминар тибиндеги) жана башка таандык. Соңку неолит этабында (4-миң жылдыктын аягы – 3-миң жылдык) Аму-Дарыянын Сары-Камыш дельтасынын аймактарында Тумеккичижик көрүстөнүнөн (өнүккөн энеолит доору) башы түндүк-чыгышты каратылып, чалкасынан жаткырылган 27 маркумдун сөөгү, жанынан сөөк шурулар, камандын тишинен жасалган илмектер, оттук таштан жасалган буюмдар табылган. Четтери тегеректелип тосулган. Көмүлгөндөрдүн бир бөлүгү инди-жер ортолук деңиз расасынын жер ортолук деңиздик түштүк-чыгыш тибине таандык, башкалары европеоиддин Түндүк тибине жакыныраак. Негизги чарбасы – балык уулоочулук, аңчылык, жыйноочулук, кийинчерээк мал чарбачылык, дыйканчылык пайда болгон. Кельтеминар маданияты жергиликтүү мезолит маданиятынын негизинде түзүлгөн. Кельтеминар маданиятынын салттары коло доорунун заманбабин маданиятында сакталган; анын өкүлдөрү Зеравшандын төмөн жагындагы малчылар жана дыйкандар (Биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын 3-чейреги).

Колдонулган адабияттар түзөтүү