Кельттер, галлдар – тили жана маданияты жагынан индиевропа тилине жакын байыркы уруулар тобу. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 2-жарымында Альп тоолорунун Түндүк жана батыш тарабында (Франция, Бельгия, Швейцария, Түштүк Германия, Австрия, Чехия, Венгрия, Болгария, Түндүк Италия, Түндүк жана Батыш Испания, Британ аралынын азыркы аймагы) жашаган. Римдиктер кельттерди галлдар деп аташкандыктан, алар жашаган жерлер Галлия деп аталып калган. Биздин заманга чейинки 6–5-кылымда кельттерде уруулук түзүлүш ыдырап, уруу ак сөөктөрү бөлүнүп чыккан. Кельттер гальштат маданиятын (Биздин заманга чейинки 900–400) жана латен маданиятын (Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 2-жарымы) түзгөн. Кельттер кийин ибер, иллирия, фракия жана башка уруулар менен аралашкан. Биздин заманга чейинки 2-кылымда кельттер Түндүк Италиядагы римдиктердин кысымынан улам Чехиянын азыркы аймагына отурукташкан (ал уруулар бойа, алар отурукташкан жер Богемия деп аталган). Кельттер бойа, гельвет, белг, секван, лингон, эду, битуриг, арверн, аллоброг, сенон, тревер, белловак сыяктуу уруулардан турган. Кельттер дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишкен. Кельттерди римдиктер караткан соң (Биздин заманга чейинки 1-кылымдын ортосу) романдаштырылган. Англия, Франция жана Бельгия элдеринин калыптанышында кельттердин этникалык элементтери маанилүү роль ойногон.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү