Кеманча, кяманча (перс. кеман - жаа) - азербайжан, армян, грузин жана дагестандыктардын байыркы жаалуу тартма музыкалык аспабы.

Ошондой эле Орто жана Жакынкы Чыгыш элдеринин да музыкалык аспабы. Кеманча тулкусу жыгачтан чабылат. Чарасы жука, балыктын териси менен капкакталат. Моюну узун, ичке буту темирден, Кеманча тизеге коюи, жерге коюп отуруп ойнолот.

Кеманча 2, 3, 4-кылдуу болот. Жалпы узундугу 850-900 мм. Жеке, ансамблде, эл аспаптар оркестринде ойнолот. Ырларды, аспаптык чыгармаларды коштоого алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.