Кеме – 1) сууда, суу астында сүзө ала турган жана жүк, жүргүнчү ташууга, түрдүү жумуштарды (атайын техникалык, илимий, балык уулоо, ошондой эле аскер иштерин) аткарууга арналган транспорт. 16–17-кылымдарда түз парустуу жана үч же төрт мачталуу кайыктарды «Кеме» деп аташкан. Алгачкы суу транспорту катары болжол менен 60 миң жыл мурда байыркы австралиялыктар каноэ жана плот деп аталган түрүн колдонушкан. 19-кылымдын ортосуна чейин негизинен калактуу жана парустуу кемелер кеңири колдонулуп келген жана алар пароход менен моторлуу (дизелдик) кемелерге алмаштырылган. Сүзүү мүнөзү боюнча өзү жүрүүчү (теплоход, пароход, электроход, атомоход) жана өзү жүрбөөчү (чиркелүүчү, парустуу, калактуу), сууга салыштырмалуу абалы боюнча суу үстүндөгү жана суу астындагы кеме, ошондой эле жарандык жана аскердик болуп бөлүнөт. Жарандык кемелер транспорт, кесиптик, атайын кызмат аткаруучу, техникалык максатка арналган жана спорттук (катер, яхта, байдарка жана башка) болуп айырмаланат. Транспорт кемелери жүргүнчүлөрдү жана ар кандай жүктөрдү ташыйт. Кесипчилик кеме балык жана кит уулоочу болуп бөлүнөт. Атайын кызмат аткаруучу кемелерге муз жаргыч, сүйрөгүч, куткаргыч, өрт өчүргүч, сүзүп жүрүүчү кран кирет. техникалык максаттагы кемелер суу жолун тереңдетүү, курулуш материалдарын (кум, шагыл) даярдоо жумуштарын аткарат. Эң чоң кемелер – танкерлер (узундугу 350 мден ашуун, жүк көтөрүмдүүлүгү 500 миң тоннадан оор, 1981); 2) чоң самолёт, дирижабль (аба кемелери), космоско учуучу түрдүү конструкциядагы аппарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү