Кеме куруу – оор өнөр жайдын бардык типтеги кемелерди куруучу жана оңдоочу тармагы. Кеме куруу. алгач байыркы египеттиктерге таандык. Анда кеменин сыртын, башкача айтканда жээгин тактай менен жыгач тыгын аркылуу кынап бекитишкен. Мындай конструкциясын болжол менен 6-кылымга чейин колдонулуп келген. 10-кылымда кеме куруу алгач тулкусун (каркасын) тургузуу менен ага тактайды кынап бекитип, сырткы бетин жасоо ыкмасы тараган. Бул ыкма бара-бара чоң кемелерди курууга алып келген. 16-кылымда атайын кеме куруу архитектурасы пайда болгон. Темир тулкуга өтүү жана буу машинасынын ойлоп табылышы кеме курууда олуттуу өзгөрүүлөргө алып келди. Чоң кемелердин пайда болушу менен кеме куруунун конструкциясы татаалданып, электр менен ширетүү анын жумушун өтө тездетти. 19-кылымдын аягынан тарта кеме куруу өнөр жайында бир катар жаңы техникалар колдонулуп, технологиялык жаңы ыкмаларды киргизүү менен негизги иштер механикалаштырылган жана автоматташтырылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү