Кемпир ооз - аттиш, ат кычкач, камбар кычкач - кош жаагы бири-биринен кайчылаша бириктирилген темир аспап. Кемпир ооз кош жаагынын бирөөнүн баш жагы мык чымчыгыдай ачакей жарым айлана сыяктуу ичин карай ийилип, ага жарыш экинчи жагы түз жумуру темирден жасалат. Алар бири-бирине кадоо аркылуу бириктирилет. Кемпир ооз көбүнчө мык сууруу, таканын мыгын кесүү сыяктуу иште керектелет. Ал аттын маңдай тишине окшогондуктан аттиш деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү