Кендир куурай (Abutilon Adans) – өсүмдүктөрдүн гүлкайырлар тукумундагы чөп же бадал уруусу. 100дөй түрү негизинен тропик же субтропикте таралган, анын ичинде теофраст (A. theophrasti Medic) жана авиценна (A. avicennae Gartn.) Кендир куурайы көп кездешет. Авиценна Кендир куурайы – бир жылдык була өсүмдүк. Жапайы жана эгилме түрлөрү бар. Теофраст Кендир куурайынын сабагы түз (бийиктиги 3–4 м) жумуру, кыска, майда тикен жана капталган, өзөк тамырлуу (тамыры жерге 1 мге кирет). Жалбырагы кезектешип жайгашат. Гүлү сары, саргыч кызыл, чоң, бирден же чачы сымал топ гүлү жалбырак колтугуна чыгат. Уругу майда; 1000 уругунун салм. 14–18 г. Вегетация мезгили 100–150 күндүк Күрдүү жерде жакшы өсөт. Була алуу үчүн өстүрүлөт. Сабагында 25% була болот. Буласынан мүшөк, аркан, жип жасалат. Уругунан 16–20% май алынып, самын, олифа, сыр даярдоодо пайдаланылат. Зыянкечтери: сабак жегич көпөлөк. Илдеттери: фузариоз, боз чирик.

Колдонулган адабияттар түзөтүү