Кенебаев Керим (1907, Ысык-Көл району, Бостери айылы — 1938) — партиялык жана мамлекеттик ишмер.

Эмгек жолун 1917-ж. ата-энеси өлгөндөн кийин жалданып иштөө менен баштаган. Кийин Караколдогу балдар үйүндө тарбияланган.
1923-25-ж. Алматыда казак-кыргыз педагогикалык техникумунда, Бишкек педагогикалык техникумунда окуган.
1930-жылдан ВКП(б)нын Бишкек шаардык массалык агитация, уюштуруу бөлүмдөрүнүн, 1931—32-ж. ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун массалык агитация бөлүмүнүн башчысы, кийин Кыргызстан КПнын Алай — Гүлчө, Кызыл-Жар, Каганович райкомдорунун катчысы.
1937- жылдан Кыргызстан П(б) БКнын 2-катчысы. Ошол эле жылдын ноябрь айында БКнын бюросунда анын саясий катачылыгы сындалган.
1938-жылдын мартынан Кыргыз ССР Жер боюнча эл комиссариатынын жылкы чарбасы башкармасынын начальниги.
1938-жылдын май айында «эл душманы» деген жалаа менен партиянын катарынан чыгарылып, репрессияланган, атылган.
Кенебаев 1957-ж. толук акталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.