Кенжаев Идирисбек Гуламович

Кенжаев Идирисбек Гуламович (5. 11. 1953-жылы туулган, Өзбекстан, Анжиян облусу, Коргон-Төбө району, Токтогул айылы) – техника илимдеринин доктору (2006), профессор (2007), Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги (2010), элге билим берүүнүн отличниги (1999). Фрунзе Политехникалык институтун (1983), Өзбекстан Илимдер академиясынын Күн физикасы физика-техникалык Илим Изилдөө институтун аспирантурасын (1991) бүтүргөн. ФПИнин Оштогу филиалында окутуучу (1983–88), Ош технологиялык колледжинде улук окутуучу, доцент (1991–96), Ош Техникалык университетинде декандын орун басары (1996–98), декан (1998–2000), проректор (2000–02), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк бөлүмүндө лаборатория башчысы (2002–03), Ош Мамлекеттик Университетинде кафедра башчысы (2003–07), декан (2007–10), 2010-жылдан проректор. Энергиянын жаңыланган түрү жана автомобиль транспорту тармагы боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде бир монография жана 4 патенттин ээси. Эмгектери: Энергоустановки на базе двигателя Стирлинга. Б., 2006.

Колдонулган адабияттар түзөтүү