Кенжекулова Замира 1968-жылы 29-июлда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1985- жылы орто мектепти,
  • 1990-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтунун технология факультетин,
  • 2003-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин экономика факультетин,
  • 2006- жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиянын юриспруденция адистигин,
  • 2010- жылы Россия Федерациясынын Дипломатиялык Академиясынын дүйнөлүк экономика боюнча адистигин аяктаган.
  • Россия Федерациясынын Дипломатиялык Академиясынын Аспиранты.
  • Эмгек жолун 1995- жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонддунда жетектөөчү адис болуп иштеп баштаган.
  • 1999-2007-жылдары КРнын Мамлекеттик Мүлк комитетинде башкы адис, Ош- Жалал-Абад-Баткен Мамлекеттик Мүлк башкармалыгынын башчысынын орун басары, КРнын Өкмөтүнүн экономикалык өнүгүү башкармалыгында эксперт,
  • 2007-2011-жылдары КРнын Россиядагы Элчилигинде 3-секретарь,
  • 2012-жылдан Айыл изилдеп, өнүктүрүү Фонддунда изилдөөчү болуп эмгектенет.
  • «Дипломатиялык үчүнчү рангадагы секретарь» наамынын ээси.
  • ШОС, СНГ Ардак грамоталары жана башка көптөгөн грамоталар, сыйлыктар менен сыйланган.
  • 1 уул 1 кыздын энеси.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3