Кенжекулов Шавидин 1925-жылы Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган.

1942-жылы 9-классты аяктап, Советтик Армиянын катарына кызматка чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка катышат.

  • Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 2-баскычтагы орден менен сыйланган.
  • 1943-жылы оорусуна байланыштуу кызматтан бошотулат.
  • 1946-жылга чейин колхоздо,
  • 1945-1950-жылдары Октябрь райондук Эл сотунда секретарь, сот аткаруучу болуп эмгектенет.
  • 1951- жылы Фрунзе шаарындагы юридикалык окуу жайына тапшырып,
  • 1953-жылы аяктап, ошол эле жылы Октябрь райондук Эл сотуна кызматка жөнөтүлөт.
  • 1962-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридика факультетин сырттан аяктайт.
  • 1954-1961-жылдары Жалал-Абад областтык прократуранын байкоо бөлүмүнүн башчысы, Ала-Бука райондук Эл сотунда сот,
  • 1961-1970-жылдары Жаңы-Жол райондук Эл сотунда сот,
  • 1970-жылдан Өзгөн райондук Эл сотунда төр ага болуп эмгектенген.
  • 1967-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланып, «Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген юристи» наамын алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3