Кеннеди тумшугу
Кеннеди тумшугу (1964-жылга чейин – Канаверал тумшугу) – АКШда, Флорида жарым аралынын чыгышында. Кеннеди тумшугунда ракета техникалык сыноо жана космос кораблдерин учуруу иштери жүргүзүлөт. Тумшук АКШнын президенти Ж. Ф. Кеннединин ысмынан аталган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9