Кент, кенд – 1) эл отурукташкан жер, чоң кыштак, шаар; 2) сепил, коргон. Согд жазууларында жана араб географиялык эмгектеринде «кат» түрүндө жазылып, «үй» маанисин берген. «Кент» («кат») байыркы термин катары бүтүн Орто Азияда, ошондой эле Чыгыш Түркстанда, Иран жана Афганстанда энчилүү ат катары кеңири таралган. «Кат» түшүнүгү хинд-европа, финн-угор, монгол тилдеринде да пайдаланылат (мисалы, украинче «хата» түшүнүгү да «кат» сөзүнөн алынган). «Кент» энчилүү аттарда да «кан», «кенд», «кат» түрүндө кездешет. Кыргызстанда Ноокат, Торкент, Ноокен, Өзгөн (Узкендт), Бешкент ж. б., Орто Азияда Чымкент, Ташкент, Самарканд ж. б. белгилүү.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү