Кен-ТооТүштүк-Казакстан облусунун аймагындагы шаар. Кара-Тоо кырка тоосунун батышында, Түркстан темир жол бекетинен 40 км түндүк-батышта жайгашкан. Калкы 61,0 миң (2009). Шаардын азыркы ордунда эл 13-кылымда эле отурукташкан. Жез, күмүш жана коргошун казылып алынат. Шаар Кантаги, Миргалимсай, Ачысай ж. б. шаарчалардын кошулушунан 1955-ж. пайда болгон. Түстүү металлургия (анын ичинде цинк заводу), машина куруу жана металл иштетүү (экскаватор, трансформатор ж. б.), жеңил (трикотаж, тигүү) жана тамак-аш (анын ичинде кондитер азыктары), курулуш материалдар (темир-бетон конструкциясы) өнөр-жай жана резина-техникалык буюмдар өндүрүшү иштейт. Цемент, кыш жана бетон заводдору курулууда. Шаардын чет-жакасынан полиметалл кендери казылып алынат. Кен-Тоого жакын жерде Кара-Тоо коругу (2004; Батыш ТеңирТоонун флорасы жана фаунасы) уюштурулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү