Кен жардыруу - жардыруучу заттар жана кен таштарды жардырып талкалоо. Бул иш жардыруучу заттар, жардыргыч каражаттары (капсула милте, жип, электр заряд ж. б.) аркылуу ишке ашырылат. Тоо тектери жана кен таштарды жардыруу үчүн адегенде аларды бургулайт же кол жана оёт. Оюлган оюкка же бургуланган көзөнөккө керектүү өлчөмдө жардыруучу зат салынат. Аны дүрмөт жана от алдырат. Тоо тектери өз алдынча, кен таштар алардан бөлөк жардырылат. Жер астындагы тоо тектерди же кен таштарды жардырып, боштуктарды пайда кылуу аркылуу тереңдиктеги ири кендер казылып алынат. Көмүр катмарларын өндүрүүдө жалынсыз жардыруу иштери колдонулат. Өзгөчө газ жана чаң кездешкен көмүр шахталарында жалынсыз жардыруу негизги орунду ээлейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү