Кен сапаты – кендин геологиялык, тоо-кен-технологиялык, өнөр жайлык өзгөчөлүктөрү, комплекстүү баалуулугу, эл чарбасында үнөмдүү пайдалануу натыйжасы. Сапат геологиялык чалгындоо ишиндеги жетишкендиктерге байланыштуу. Кендин запасын эсептөөдө анын геологиялык өзгөчөлүктөрү эске алынат. Кондициянын негизинде запасы эсептелет. Өнөр-жайдын жылдык өндүрүмдүүлүгү, товардык продукциянын толук өндүрүлүп алынышы, пайдалануусу, кирешелүүлүгү, кирешеси, капиталдык чыгымдар, капиталдык салымдардын жалпы суммасы жана чыгымдарды кайтарып алуу мөөнөтү, салыктын кирешелүүлүгү каралат. Кен сапаты геологиялык чалгындоо иштеринин бардык этаптарында аныкталат. Издөө-баалоо маалында кендин запасы, сапаты, капиталдык салымдар болжол жана эсептелет. Андан кийин болжолдуу чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Запас эсептөө кондициясы иштелип чыгат. Техникалык-экономикалык баяндама (ТЭД) даярдалат. Анан так, толук чалгындоо жүргүзүлүп, кондициясы иштелип чыгат, запасы бекитилет, кен казып алуу долбоору түзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү