Кен сыноо – казылып алынуучу кендердин касиеттери жана сапатын аныктоо ыкмалары. Кендин химиялык жана минералдык курамын, физикалык-мехникалык касиеттерин, казылып алынышын, технологиялык жактан иштетүү, ылгоо өзгөчөлүктөрүн, өлчөмү жана запасын аныктоо жолдору. Геофизикалык, минералогиялык, химиялык, технологиялык ыкмалар колдонулат. Геофизикалык ыкма жана кендин сапаты, кээде өлчөмү аныкталат. Минералогиялык ыкмада кендин ар кайсы жеринен сынамык алып, курамы, касиеттери, сапаты лабораториялык жол менен изилденет. Катуу тектерден сынамык борозд, штуф, кырма, чукума, бургулоо жана дүң алынат. Кен таштагы баалуу кендин бардык өзгөчөлүктөрү текшерилет. Борозд түрүндө сынамык алуу кеңири колдонулат. Бороздун эни 5–20 см, тереңдиги 3–5 смге жетип, кен таштын туурасы боюнча жүргүзүлөт. Чегилип алынган материал сынамык болуп эсептелет. Борозддун узундугу кен таштын туурасына жараша 1 мге жеткен бир нече сынамыктан турат. Салмагы бир нече гдан (штуф) ондогон т га (технологиялык сынамык) жетет. Сынамыкты таш талкалоочу тегирменде упадай майдалайт. Анан атайын түзүлгөн схема боюнча бир нече жүздөгөн г үлгү алат. Аны изилдөө үчүн лабораторияга жөнөтөт. Кен сыноо кенди издеп чалгындоодо, экономикалык жактан баалоодо негизги ыкма болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү