Кен таш кендери
Кен таш кендери, руда кендери – өлчөмү, сапаты, ордуна жараша казып алууга ыңгайлуу кен таштар. Жер кыртышынын терең бөлүгүндөгү жана жер бетиндеги геологиялык процесстерден пайда болот. Пайда болуу процесси бир нече баскычтан жана этаптан турат. Ар бир баскычта минералдык бирикмелер топтолот, тектон. тыныгуулар жүрөт. Бир ген. процесске (мисалы, гидротерм кендери) бир нече баскычтуу кен таш мезгили туура келет. Курамындагы металлдардын түрүнө жараша кара, жеңил, түстүү, асыл, сейрек кездешүүчү, радиоактивдүү кендерге бөлүнөт. Кара металлдарга темир, марганец, хром, титан, ванадий кендери кирет. Бул кендер млрд т га жетип, металлдары ондогон процентти түзөт. Жеңил металлдарга алюминий мисал болот. Алюминий боксит кен ташынан өндүрүлөт. Түстүү металлдарга жез, коргошун, цинк, кобальт, никель, сурьма кирет. Ирилери ондогон, жүздөгөн тга жетип, 10%ке чейин металл кездешет. Сейрек учуроочу металлдарга калай, вольфрам, молибден, сымап, бериллий, тантал, ниобий кендери таандык. Ири запастары 100 миңдеген тга жетип, металлдары 10%тен ашпайт. Радиоактивдүү металлдар негизинен уран жана торийдин кенинен турат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9