Кен таш формациялары – тектоникалык ири түзүлүштөгү (антиклинорий, синклинорий, антеклиза, ортоңку массив, калкан, терең жаракалар), бирдей генезистеги, бир же бир нече кен таштан турган зор аймак. Бир нечеси биригип, кен таштуу провинцияны түзөт. Бүктөлүү аймагындагы тектоникалык терең жаракалар жана тыгыз байланышта болуп, узатасынан созулуп жатат. Узундууг ондогон, миңдеген кмге, туурасы бир нече кмден жүздөгөн кмге жетет. Катмар түрүндө бүтүндөй бир аймакты ээлеп жатса кен таш бассейни деп аталат. Пайда болуу мезгилине, геологиялык түзүлүшүнө, тектон. процесстерге жараша кен таштуу райондорго, талааларга, зоналарга бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү