Кен чачындысы, корум кени – арасында кымбат баалуу минералдар кездешкен борпоң тектер. Нукура тектер жана кен таштардын физикалык-химиялык жол жана талкаланышынан пайда болот. Эгерде кен алгачкы талкаланган жерде топтолсо, элювий, суу агызып бир жерге чогулса – аллювий, деңиз жээгине жыйылса – латериттик болуп бөлүнөт. Пайда болуу мезгилине жараша азыркы учурдагы (антропоген мезгилиндеги), байыркы убактагы (неоген мезгилине чейинки) түрлөрдөн турат. Орун алып жайгашуусу боюнча ачык (жер үстүндө), көмүскө же жабык (борпоң тектер көөмп калган) түрдө кездешет. Алтын, платина, алмаз, циркон, титан, касситерит, шеелит сыяктуу оор салмактагы, физикалык-химиялык процесстерге туруктуу, оңой талкаланбаган минералдар жолугат. Кээ бир кымбат баалуу кендерди өндүрүп алууда зор мааниге ээ. Алмаз, вольфрам, калай кендеринин дүйнөлүк запасынын теңи – чачыранды кендер.

Колдонулган адабияттар түзөтүү