Кен ылгоо – майда талкаланган тектердин арасынан керектүү металлдарды бөлүп алуу процесси. Металлургиялык же химиялык жактан кайра иштетүүгө мүмкүн болгон, экономикалык пайдалуу заттарды тоо тектерден ажыратуу ыкмасы. Мында минералдардын химиялык курамын, структурасын, агрегаттык абалын өзгөртпөй, керектүү заттар бөлүнүп алынат. Процесс гидрометаллургиялык, химиялык жол жана кайра иштетүү аркылуу ишке ашат. Табигый кенден же көмүрдөн керектүү компоненттерди бөлүп алуу экономикалык жактан пайда бербейт. Техниканын да күчү жетпейт. Кен ылгоо процессинде концентрат жана куйрук өндүрүлөт. Кээде концентраттар куйруктардан минералдык бөлүкчөлөрүнүн кесектиги, ирилиги жана айырмаланат (мисалы, асбест, антрацит). Эгерде бир нече пайдалуу компонент болуп калса, анда бир канча концентрат алууга болот. Мисалы, полиметалл кен ташынан коргошун, цинк, жез, күкүрт концентраты ылганат. Ошондой эле концентраттын түрдүү сорттору же комплекстүү концентрат өндүрүлөт, мисалы, жез-алтын же никель-кобальт концентраттары. Кен ылгоо пайдалуу компонентти ылгоо системасын түзүү жана ишке ашат. Адегенде кен таш майда талкаланат. Материал 20–30 ммге чейин тегирменге тартылат. Керектүүлөрүн бөлүп алуу үчүн калбырлар колдонулат. Талкаланган бөлүкчөлөрү үчүн атайын классификатор пайдаланылат. Кенди минералдардын физикалык-химиялык касиеттерине карай ылгайт. Радиоактивдүүлүгү радиометрлик жол жана такталат. Оордук күчү, тыгыздыгы, салмагы гравитациялык ыкма жана билинет. Магниттүүлүгүн магнит сеперациясы, электрдик касиеттерин электр сеперациясы аркылуу билүүгө болот. Азыркы кезде гравитация жана флотация ыкмалары кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү