Кен ылгоо фабрикасы – өнөр-жайда колдонууга жарактуу, техникалык, экономикалык жактан баалуу кен байлыкты өндүрүп алуучу тоо-кен ишканасы. Мында түстүү металлдар (жез, жез-никель, коргошунцинк, вольфрам-молибден, калай), кара металлдар (темир, марганец, хром), металл эмес кендер (фосфор, калий, графит ж. б.) кайрадан иштетилет. Процесс майдалап сорттоо, жууп тазалоо, флотация, гравитациялык, магниттик, комбинациялык ж. б. технологиялык ылгоолордон турат. Фабрикада даярдык көрүүдө (талкалоо, майдалоо, эзип эритүү, сорттоп класстарга бөлүү, күйгүзүү), негизги (гравитациялык, магниттик сепарация, флотация), жардамчы иштер (суусуздандыруу, коюлтуу, кургатуу, тундуруу) жүргүзүлөт. Кен калдыктары (катуу, суюк) кошумча иштетилет. Негизги реагенти жана калдыгы өзүнчө бөлүнөт. Аба, чаңдан тазаланат. Калдыгы (суу, кум) таштандыга кетет. Реагент (концентрат) бункерге топтолот. Концентратта пайдалуу элементтер канчалык көп болсо, кен ошончолук көп ылганат. Жогорку даражада механикалаштырылган жана автоматташтырылган (сигналдашкан, контролдошкон, блокторго бөлүнгөн) ылгоодо кен калдыксыз ылганат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү