Кен электровозу – тегиз, түз, бир аз эңкейиш келген казмаларда топтолгон кен таштарды, көмүрдү, тоо тектерди ташуу үчүн колдонулуучу локомотив. Контакттуу жана аккумулятордуу түрлөрдөн турат. Контакттуу электровоз шахтадагы чакан станциядан келген туруктуу токтун жардамы жана иштейт. Казманын төбөсүнө илинген контакттуу зым аркылуу кыймыл аракетке келет. Өзгөрмө ток жана да жүрөт. Электр учкунунан жарылуучу газдуу же чаңдуу шахталарда контакттуу электровоз колдонулбайт. Аккумулятордуу түрү энергиясы бир сменага толук жеткен аккумулятор батареясы жана ишке киргизилет. Батарея шахтадагы чакан станцияда орнотулган түзөткүчтө заряддалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү