Кепилдик милдеттенме
Кепилдик милдеттенме
1) белгилүү бир милдеттенмелердин аткарылышын кепилдеген жазуу жүзүндө инсанга берилүүчү күбөлүк. Мисалы, бир инсандын экинчи инсанга берген гарантиялык катында ал өзүнчө экинчи инсан жиберген товарды белгилүү мөөнөткө жана белгилүү суммада төлөө милдетин мойнуна алат. Кепилдик милдеттенмени үчүнчү инсан да бере алат. Алсак, үчүнчү инсан экинчи инсанга, биринчи инсан экинчи инсандан карызга алган акчаны мөөнөтүндө кайтарып берет деген мазмундагы кепилдик милдеттенмени бериши мүмкүн. Эгерде биринчи инсан экинчи инсанга акчасын кайтарып бербесе, анда биринчи инсанга үчүн кепил болгон инсан үчүнчү инсанга карызды кайтарып берүүгө милдеттүү;
2) Сатып алуу-сатуу, жеткирип тапшыруу контракты жөнүндөгү келишимдин шарттарына жеткирилүүчү, сатылуучу товардын сапатынын ылайык келгендигин күбөлөндүрүүчү (ырастоочу) документ. Кепилдик милдеттенме машиналардын, жабдуулардын өзүлөрүнө тийиштүү пайдаланууларды ишенимдүү иштешин кепилдөөгө тужурумдалган (белгиленген);
3) Банктар тарабынан кардарларга белгилүү бир комиссиялык сыйлыктар үчүн берилүүчү кепилдиктин бир түрү. Кепилдик милдеттенме сатуучуга насыя берген жеткирип-тапшыруучуну банк камсыздандыра тургандыгын билгизет. Төлөй турган карызын кечиктирип же өткөрүп жиберген учурда банк өзү төлөөгө милдеттүү. Тапшыруучу же таап келүүчү сатып алуучунун насыя жөндөмдүүлүгүнө ишене албаса кепилдик милдеттенме талап кылат. Кепилдик милдеттенме, эреже катары, кат түрүндө берилет.
Булактар
түзөтүүМусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9