Кепилдик мөөнөтЖарандык укукта соодалашуу келишими боюнча товар сапаты талапка жооп бере турган, ал эми аткаруу жана тейлөө иштеринде жарамдуулук касиетин жоготпой турган мезгил аралыгы. Кепилдик мөөнөт кардарга товарды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) берген учурунан башталат жана ал узак мөөнөткө колдонулуучу же сакталуучу товарларга коюлат. Кепилдик мөөнөттүн өтүшү менен, товардын, жумуштун, тейлөөнүн кемчил жактарын табуу, товардын (жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) кемчил жактарын толтуруп берүү талаптарын орундоо боюнча даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) милдеттенмелери (жалпы эреже боюнча) токтотулат.

Бөлүнүүсү түзөтүү

  • 1) сатып алынган иродукциянын (товардын) кемчилиги аныкталганда сатып алуучунун берүүчүгө (сатуучуга) доомат коюуга акылуу мөөнөтү;
  • 2) буюмдун сапаттык көрсөткүчтөрү талаптагыдай экендиги жөнүндө даярдоочу койгон мөөнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү