Кеплер мыйзамдары ― планеталардын кыймылынын үч мыйзамы. Аларды Иоганн Кеплер ачкан.

Биринчи мыйзам ― бардык планета эллипс боюнча кыймылдайт, анын бир фокусунда Күн жайгашкан.

Экинчи мыйзам ― ар бир планета Күндүн борбору аркылуу өтүүчү тегиздикте кыймылдайт, бирок планетанын радиус-вектору сызган орбита секторунун аянты убакытка пропорциялаш өзгөрөт. Демек, планета Күнгө канчалык жакын болсо, ылдамдыгы ошончо чоң.

Үчүнчү мыйзам ― планеталардын Күндү айлануу убакыттарынын квадраттары алардын күнгө чейинки орточо аралыктарынын кубдарындай катышат.

Булактар түзөтүү

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9