Кереч (лат. Angelica, L. 1753) – чатыр гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Эки же көп жылдык чөп. Сабагы бийик, бийикт. 100 см, жоон, көңдөй. Түксүз, жалбырактары ири, эки, үч ирет тилкелүү, жалпы формасы тегерек же бөйрөктөй , негизинен тамыр моюнчасына топтолгон. Гүлү ак же саргыч, мөмөсү бир уруктуу, жалпак, сүйрү, канаттай кырдуу кутуча. 50дөн ашуун (80) түрү Түндүк жарым шарда жана Жаңы Зеландияда кездешет. Кыргызстанда 5 түрү орто бийик жана өтө бийик тоодогу аска жаракасында, тоонун шагылдуу, жылгаяк бетинде, өзөндүн кумдак жээгинде, мөңгүгө жакын криофиттик өсүмдүктөрдүн арасында өсөт. К-тин бир түрү (көп сабактуу К.) Кыргызстандын эндем өсүмдүгү Сарыжаз менен Барскоон тоолорунда эле кездешет. Илгертеден эле эл арасында айрым түрү (үчүлүктүү К.) ашказан-ичеги ооруларына дары катары колдонулан. Ошондуктан элде “Кереч болсо келиним өлбөйт эле, уулжан болсо уулум өлбөйт эле” деген макал бар.

Angelica sylvestris.

Колдонулган адабияттар түзөтүү