Керималиев Калкан - дастанчы-акын, жазуучу. Ат-Башы районунун Кара-Коюн айылында 1930-жылы 27-январда туулган. Кызыл-Туу, Кара-Суу, №1 В.И.Ленин атындагы орто мектептеринен билим алган.

Мектепти аяктагандан кийин «Пограничник» жети жылдык мектебинде мугалим болуп иштеген. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

1952–1990-жж. Ат-Башы өрөөнүндөгү бир катар мектептерде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор болуп эмгектенип, 1990-жылдан ардактуу эс алууга чыккан.

1945-жылдан бери чыгармачылык менен алектенип, 50-60тан ашуун эмгектери мезгилдүү басма сөз беттеринде жарык көргөн.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин Ардак грамоталары, медалдар менен сыйланган. «Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги» төш белгисинин ээси.

2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Маданият ишмерлер ассамблеясынын мүчөсү. Ассамблеянын атынан Аалы Токомбаев атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты болгон. “Ат-башы районунун ардактуу атуулу” наамын алган.

Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылына жаңы мектеп имаратын салдырган. Өзү жарым кылымдан ашык мугалим, директор болуп иштеген Кызыл-Туу орто мектебине Калкан Керималиевдин ысмы ыйгарылган.

1952-жылдан СССРдин, Кыргыз ССРинин Журналисттер союзунун, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Алп манасчы Келдибек. – Ат-Башы: Ат-Башы басмаканасы, 1995. – 100 б.

Кан Кошой – Б.: Кыргыз улуттук илимдер академиясынын басмаканасы, 1996. – 445 б.

Жаңыл Мырза. – Нарын: Нарын шаардык басмаканасы, 1995. –140 бет.

Көч Көчтүн Көк дөбөтү. – Б.: улуттук илимдер академиясынын басмаканасы, 1999. –126 б.

Асык-Кыргыздарынын эл агартуучу устаттары. – Б.: Инсат басмаканасы, 2002. – 288 б.

Чоко Баатыр. – Б.: Бийиктик, 2007. – 240 б.

Асык -Кыргыз тарыхы. – Б.: Maxprint, 2008. – 450 б.

Кызалак аке. – Б.: Maxprint, 2009. – 250 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү