Керимбаев Калдар
Керимбаев Калдар (1930, Кызылөзгөрүш айылы - 1985, ошол эле жер) - Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги.
- Жалал-Абад мугалимдер институтун (1952), КМУнун филология факультетин (1962) бүтүргөн.
- 1952-57-ж. М. Горький атындагы орто мектепте мугалим,
- 1962-70-ж. Ош облустук “Ленин жолу” гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчынын орун басары, өз кабарчы,
- 1970-85-ж. басма сөздө мамлекеттик сырды коргоо башкармалыгында башкы редактор.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5