Керимбеков Жаркынбек Багышбекович

Керимбеков Жаркынбек Багышбекович (25. 1. 1964, Кызыл-Ой кыштагы - 2004, ошол эле жер) - курулушчу, жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Фрунзедеги Курулуш техникумун (1987) жана Кыргыз архитектура жана курулуш институтун (1997) бүтүргөн. Эмгек жолун 1971-жылы чарбада механизатор болуп иштөөдөн баштаган. 1982-84-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн.

Кийинчерээк Кара-Балтадагы кант заводунун курулуш бөлүмүндө мастер, 1997-2004-жылдары «Кантчы» жоопкерчилиги чектелген коомдо директор болуп иштеген. Жайыл райондук кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жаманбай уруусунан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9