Орузбаев Керимкул (4. 3. 1951-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району) – опера ырчысы, КРдин эл артисти (2000). 1968–70-ж. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академик опера жана балет театрынын студиясында, 1970– 76-ж. Б. Бейшеналиева атындагы КМИИде М. Темирбековдун классында окуган. 1976– 86-ж. А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын хорунда ырдаган, 1986-жылдан солист. В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Айчүрөк» операсынан Семетейдин, «Ажал ордуна» музыкалуу драмасында Искендердин, Ж. Каныметовдун «Ак Мөөр» опера-дастанында Жантайдын, Н. Давлесовдун «Курманбек» операсында Курманбектин партияларын аткарган. Орус жана чет элдик классик композиторлордун операларынан – Онегин, Томский, Роберт, Шайтандын (П. Чайковский, «Евгений Онегин», «Иоланта», «Черевички», «Карганын маткеси»), Омонастро, Барон, Родриго (Ж. Верди «Аида», «Травиата», «Дон Карлос»), Валентин (Ш. Гуно, «Фауст») ж. б. ондогон партияларды сахнага алып чыккан. Композиторлордун, обончулардын лирикалык, патриоттук ырларын да аткарат. Эл аралык «Түгөлбай-Ата» коомдук фондунун лауреаты.

Колдонулган адабияттар түзөтүү