Керич

Керчь‎»‎ барагынан багытталды)

Керич (кырым-тат. Keriç) – 2014-жылдан Россия Федерациясына (Кырым федералдык округу) караштуу шаар. Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн баатырдыгы үчүн «Баатыр шаар» деген ардактуу наам (1973) берилген. Керчь кысыгындагы порт. Калкы 149,7 миң (2008). Жанкыт – Керич темир жолунун акыркы темир жол бекети. Темир кени казылып алынат (Камышанск-Бурунск комбинатында иштетилет). Металлургия, кеме куруу жана ремонттоо, тамакаш – татымал (анын ичинде балык белендөө) өнөр-жай ишканалары иштейт. Б. з. ч. 6-кылымда негизделип, Пантикапей аталган. Ал б. з. ч. 5-кылымдын башынан б. з. 4-кылымдын аягына чейин Боспор мамлекетинин борбору болгон. 1475-ж. түрктөр басып алган. 9–11-кылымдарда Корчев аталып, Россиянын курамына кирген. Керичтин аймагында Улуу Ата Мекендик согуш учурунда катуу салгылаштар жүргөн. Театр, тарыхый-археологиялык музей, Ажимушкайды коргоодо курман болгон баатырлардын мемориал ансамбли бар. Мелек-Чесмен коргону (б. з. ч. 4-кылым), Деметр склепи (б. з. 1-кылым), Иоанна Предтечи чиркөөсү (10–13-кылым) сакталган[1].

Керич

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Керчь шаарынын кооз жерлери