Кесинди
Кесинди, сегмент (математикада) – А жана В чекиттерин туташтырган (А жана В чекиттерин кошо эсептегенде) түз сызыктагы чекиттердин көптүгү. Кесиндинин чекиттеринин координаталары a≤х≤ b шарттарын канааттандырат (a жана b – Кесиндинин эки учунун координаталары). Кесинди [а, b] менен белгиленет. А жана В чекиттери кесиндинин учтары деп аталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9