Кесип оорулары - эмгек шартынын организмге тийгизген таасиринен жана кесиптик зыяндуулукка байланыштуу пайда болгон оору.

Ишканадагы санитариялык шарттын начарлыгы, температура, чаңдуулук, дүрүлдөө, дирилдөө жана башка оорунун пайда болушунда чоң роль ойнойт. Кесип ооруларына химиялык заттар (коргошун, марганец, сымап, анилин, бензол жана башка) менен уулануу, радиоактивдүү заттардын (нур оорусу), чаңдын көпкө таасир этиши, өзгөчө кремний кошулмасы (пневмокониоз), айрым жугуштуу ылаң (шарп, күйдүргү, бруцеллёз жана башка) менен ылаңдаган малда, ызы-чуулуу жерде иштөө (кулактын угуусунун катуулашы) жана башка себеп болот. Алдын алууда зыяндуу жерде иштегендерге эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасын туура сактоо чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8