Кетбука - деген ырчы жана комузчу жөнүндө эл арасында эген-эген уламалар бар, комуз күүсү да бар.

Өмүрү түзөтүү

Мисалга Кетбука жөнүндө белгилүү акын жана комузчу Арстанбек Буйлаш уулунун, Белек Солтонкелди Солтоноевдин, комузчулар Кара Молдо менен Шеркул уулу Шекербектин, Атай Огомбаев менен Тоголок Молдонун калтырып кетишкен эскерүүлөрун алсак болот. Тилеке каршы Кетбуканын туулган жана өлгөн жылдары жөнүндө бизде так маалымат жок. Айрым материалдарга караганда Кетбука Чыңгыз хандын замандашы болгон экен. Маселен, Арстанбек черткен абалкы "Ай-хан" аттуу табышмактуу күү аткарылардын алдында "Чыңгыз хандын баласын кулан тепсеп өлтүргөндө Бука деген ырчы Чыңгыз ханга мындайча угузуптур: Алтын болуу ак шумкар, Алтын боосун тытыптыр, Айды карап сызыптыр. Күмүш болуу көк шумкар Күмүш боосун тытыптыр. Күндү карап сызыптыр, Ал эмне болуучу? Туу түбүндө көк Бука, Күндү карап өкүрөт. Алчагай мүйүз, ак эркеч Айды карап бакырат, Бул эмне шумдугу? Асмандан булут сөгүлөт, Аяктап мөндүр төгүлөт. Көнөктөп мөндүр төгүлөт, Бул эмне шумдугу?

Чыңгыз хандын жообу түзөтүү

Алтын боолуу ак шумкар, Алтын боосун тытканы, Айды карап сызганы, Ак кулунум ботом болгону. Күмүш боолуу көк шумкар, Күмүш боосун тытканы. Күндү карап сызганы Бул кулунум, ботом болгону. Кулунтук мүйүз көк бука, Туу түбүндө өкүрсө, Ал атасы болгону. Алчагай мүйүз ак эркеч, Айды карап бакырса. Ал эмнеси болгону. Асмандан булут сөгүлсө, Аяктан мөндүр төгүлсө, Көк ала булут сөгүлсө, Көнөктөп мөндүр төгүлсө, Көзүмдүн жашы болгону, деп Чыңгыз хан ачуулана: Кет-кет, кет Бука, Кеби жаман ит бука. Сенин айтар кебиң бул эмес, Менин угаар кебим бул эмес.

Бука ырчыны капастагы арстан, жолборско таштап жиберерде, Бука, ырчынын айтканы түзөтүү

Кыздары соккон кыялдай, Кылыгы жакшы Айханым, Келиндер сайган кестедей, Кеби жакшы Айханым, Элчи менен ырчыга, Хан алдында кай өлүм" - дегенде Чыңгыз хан ачуусунан кайтып, ырчыны өлтүргөн эмес экен" - делип, чертилген. Мезгил аккан суудай, төгүлгөн кумдай өткөн сайын күүнүн өзу да, тарыхы да алымча-кошумчаларга дуушар болуп, комузчудан-комузчуга өтөт. Алсак, Муратаалы "Айхан", Карамолдо, Ыбырай, Шекербай "Кетбука" деген аттарда чертишип, азыркы угуучуларга тартуулашты. Маселен, Шеркул уулу Шекербер "Кетбука" күүсүн аткарардын алдында: "Айган алты шаардын каны болуп, ордосу Үч деген жерде кан уюгу деген ордо болуп, тагы үч болуп аталганда бара-бара Турпан деген атак пайда болот. Бул шаар үч жерге салынгандыктан Үчкө айланып Үч Турпан аталат. Анын каны Айган болуп, баласы токтобой өлүп турат. Бир баласын токтоор бекен деп ырым кылып жар таштын бооруна атайлап, үй салдырып ошондо бактырат. Бала 6-7 жашка чыкканда жемиш менен кошо келген кара курт Канбаганы чагып өлтүрөт. Калк чогулуп, Кетбука деген комузчу ханга ал кабарды минтип ырдап угузган экен: Туу куйругу бир кучак, Тулпар качты, Айганым. Туурунан бошонуп Шумкар качты Айганым. Алтын така күмүш мык, Дулдул качты, Айганым Алтын туур ордунан, Туйгун качты, Айганым, Алтын ордо багынан, Дңиз толкуп чайкалып, Көк бөксөрдү, Айганым. Терек түптөн жулунуп, Жер бөксөрдү, Айганым., Ала тоо кулап бас болуп Бел бөксөрдү, Айганым. Төрөлөрдүн ургунан Төл бөксөрду, Айганым Кара жандан таптаттуу, Ынак көчтү, Айганым, Касиеттүү башкача, Чыбык өчтү Айганым. Айгандын жообу: Кет-кет, Кет Бука Кеби суук ит Бука! Карап турган кашымда Көзүң курсун, ит Бука. Комуз чертип ырдаган Ырың курсун ит Бука. Кара жанды кашайткан Чырың курсун ит Бука. Атайы келген алдыма, Ишиң курсун ит Бука. Комуз чертип жоруган Түшүн курсун ит Бука,- деп ырдап да, караандай күү катарында да черткен. Ал эми Карамолдо "Кетбука" күүсү эң эле байыртан бери шайырдан-шайырга өтүп, колдон-колго көчүп чертилип келе жаткан эски күүлөрдүн бири катары эсептейт.

Адабият түзөтүү

  • Эл Дүйнөсү // Тарыхий-этнографиялык, адабий-көркөм журнал // Б.,2006-ж. №1 (2).,44-б.