Кечил — ламаизм дининдеги элдердин атайын касам ичкен дин кызматкери. К. жөнүндө эпосто:

Сары-Суунун боюнда

Оркойгон күрөө көрүнөт.

Ал күрөөгө барганда

Кызыл сакал топусу,

Ал кытайдын сопусу

Ошол күрөөдө болот кечили (Саякбай Каралаев, 2. 19),— деп сүрөттөлөт.

К. болгон адам дүйнөдөн безүү, үй-жай, мүлкүн кечүү, дүйнөдөн так өтүү, туугандык жана социалдык байланыштарды үзүү, катаал тартипке баш ийүү сыяктуу эрежелерди аткарган: «Катын алып жүрбөгөн Кытайлардын кечил деген молдосу» (Саякбай Каралаев, 2. 101). К. көбүнчө кытай маанисинде да колдонулат: «Кебез белбоо, кең өтүк, кечилдин каны Коңурбай» (Саякбай Каралаев, 2. 129). К-дер өздөрүнчө социалдык диний топту түзгөн, ал кечилдик деп аталган. К-дин алгач Индияда биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта пайда болуп, кийинчерээк Кытай, Япония, Тибет, Түштүк-Чыгыш Азия, Ыраакы Чыгыштагы өлкөлөрдө өнүккөн, к. Күрөө.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4