Түлүш Балдан уулу Кечил-оол (орусча: Тулуш Балданович Кечил-Ооул; 1914 - 1945) – тыва элинин баатыр жоокерлеринин бири, 1-Украин фронтунун 13-армиясына караштуу 8-атчандар дивизиясынын карамагындагы ыктыярчы тывалыктардан куралган 4-атчандар эскадронунун командири, гвардиялык капитан, Советтер Союзунун Баатыры (1990).

Түлүш Кечил-оол (Тулуш Балданович Кечил-Ооул)
Туулган датасы:

1914-жыл

Өлгөн датасы:

10 -июнь 1945(1945-06-10)

Сыйлыктары:

“Алтын жылдыз” медалы. “Советтер Союзунун Баатыры” наамы (1990-жыл); Ленин ордени; Кызыл Жылдыз ордени

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Түлүш Балдан уулу Кечил-оол 1914-жылы Тыванын азыркы борбору Кызыл шаарында (мурдагы Белоцарск шаарында) дыйкандын (араттын) үй-бүлөсүндө туулган. Теги – тывалык.

Мурда (1944-жылга чейин) СССРден эгемен болгон Түштүк Сибирдеги Танну-Тува Элдик Республикасынын атуулу болгон. Орто билимге ээ болгон.


1941-жылы 25-июнда Тува Элдик Республикасы СССРди колдоп, фашисттик Германияга каршы согуш жарыялаган.

Кызыл Армияга тывалык ыктыярчылардан куралган атчандар кошууну – эскадрон жиберилген. Бул эскадрондун жоокери, командири - Түлүш Балдан уулу Кечил-оол болгон.

Анын эскдрону 31-гвардиялык атчандар полкунун курамында болгон. Бул полк Биринчи Украин фронтунун 13-армиясынын 6-гвардиялык атчандар корпусунун 8-гвардилык атчандар дивизиясынын тутумунда болчу.

1944-жылы февралда (Тыва СССРге кире электе) капитан Түлүш Кечил-оол башкарган тывалыктардын эскадрону Украинанын Дубно шаарын бошотуу үчүн салгылашта каармандык көрсөткөн.

1944-жылы 2-февралда гвардиялык капитан Түлүш Кечил-оол жетектеген эскадрон Ровно шаарынын темир жол бекетине атырылып кирип, фашисттердин бир тобун техникасы менен колго түшүргөн, далайын качууга мажбур кылган.

Тывалык эскадрондун бул эрдиги тууралуу 8-гвардиялык атчандар дивизиясынын комнадири, генерал-майор Д.Н.Павлов өзгөчө баасын айткан.

Ошол эле 1944-жылы февраль айында капитан Кечил-оол “Советтер Союзунун Баатыры” наамына сунушталган, бирок бул наам Түлүш Кечил-оолго ал өлгөндөн 45 жылдан соң, СССР кулаар алдындагы 1990-жылы гана СССРдин Президенти Михаил Горбачёв кол койгон жардыкка ылайык ыйгарылган.

Түлүш Кечил-оол 1945-жылы 10-июнда курман болгону айтылат, бирок анын өлүмүнүн чоо-жайы тууралуу маалымат аз.

Кызыл армиянын катарында 8 миңдей тывалык ыктыярчы (арасында он айым) салгылашкан. http://topwar.ru/67305-tuvinskie-krasnoarmeycy-ot-sozdaniya-aratskoy-armii-do-frontov-velikoy-otechestvennoy.html

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

  • “Алтын жылдыз” медалы. “Советтер Союзунун Баатыры” наамы (1990-жыл);
  • Ленин ордени;
  • Кызыл Жылдыз ордени.

Ал жана тывалыктар тууралуу эмгектер түзөтүү

  • Народы России: энциклопедия / Гл. ред. В.А.Тишков. - М.: Большая Российская энциклопедия, 1994. - ISBN 5-85270-082-7. - "Тувинцы" – Б. 337-342.
  • Найдын Сарыглар. Тувинцы // Народы России. Атлас культур и религий. — М.: Дизайн. Информация. Картография, 2010. — 320 с. — ISBN 978-5-287-00718-8.
  • История Тувы (2001). Новосибирск : Наука. Т. 1.; История Тувы (2007). Новосибирск : Наука. Т. 2.
  • Вайнштейн, С. И. (1972) Историческая этнография тувинского народа. М. : Наука.


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү