"Кечирилбеген" (англ. Unforgiven, орус. Непрощённый) - 1992-жылы Клинт Иствуд тарткан, сценарийин Дэвид Уебб Пиплз жазган америкалык вестерн тасма. Тасма улгайып калган киши өлтүргүч Уиллиам Манни фермер болуп иштеп калгандан кийин кайрадан киши өлтүрүү үчүн чакырык алганын баяндайт. Эски Батыш аймагындагы уламышка айланган зордук-зомбулук, зөөкүрлүктүн ачуу жүзүн ачып берген вестерн тасмасына Иствуд, Жин Хэкмен, Морган Фримен жана Ричард Харрис тартылышкан.

Кечирилбеген
Режиссеру Клинт Иствуд
Продюсер Клинт Иствуд
Жазуучу Дэвид Вебб Пиплз
Оператору Жек Н. Грин
Тартылгандар
Музыкасы Ленни Нихаус
Редактору Жоэл Кокс
Студия Malpaso Productions
Жайылтуучу Warner Bros.
Чыккан жылы
Узактыгы 131 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $14.4 млн[2]
Киреше $159.2 млн[2]

Иствуд тасмасын устат жана режиссер маркум Дон Сигел жана Сержио Леонеге арнаган. Тасма Оскардын "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер" (Иствуд), "Эң мыкты экинчи пландагы актер" (Жин Хэкмен) жана "Эң мыкты монтаж" (Жоел Кокс) сыйлыктарын утуп алган. Иствуд Оскардын "Эң мыкты актер" наамына көрсөтүлгөн, бирок Ал Пачиного "Аял жыты" тасмасындагы ролу үчүн утулуп калган. 2004-жылы "Кечирилгис" тасмасын АКШ Конгрессинин китепканасы "маданий, тарыхый же эстетикалык баалуу" деп Улуттук кино реестринде сактоо үчүн тандап алган.

Тасма 1992-ж. 7-августунан тартып Warner Bros. тарабынан кеңири көрсөтүлүп баштаган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. UNFORGIVEN, British Board of Film Classification. Архивировано из первоисточника 5 -март (жалган куран) 2016. Текшерилген күнү 13 -январь (үчтүн айы) 2015.
  2. 2.0 2.1 Unforgiven - Box Office Data, DVD and Blu-ray Sales, Movie News, Cast and Crew Information, The Numbers. Текшерилген күнү 13 -январь (үчтүн айы) 2015.